super.kg logo

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2025: Сынактарда сыймык болгон таланттар

 

Өтүп жаткан жыл эгемен Кыргызстандын тарыхында намыс менен сыймыкка толгон барактарды жараткан жылдардан болду. Өнөр адамдары дүйнөнүн чоң сахналарында кыргыз элинин рухун, маданиятын жана талантын көрсөтүп, көк асманда желбиреген желегибизди сыймык менен тааныта алышты. Бул - бир жылдык эмгектин эмес, улутка болгон берилгендиктин, мекенге болгон сүйүүнүн жыйынтыгы. SUPER.KG порталы жыл ичинде сынактарга катышып, сыймыктуу кайткандарды тизмектейт.

Эл намысы үчүн жаңырган үн

Жыл башы жемиштүү башталып, "Ынтымак" паркында ырдап бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекованын орусиялык сынакта ырдап экинчи орунду багындырганы менен жаңы жылга кирип бардык. Ырчы айым Орусиянын "Царица" аттуу музыкалык шоу-сынагында экинчи орунду алып, Кыргызстандын гана эмес, коңшу мамлекеттердин да сүймөнчүгүнө айланды. Турусбекова жыл ичинде Москва шаарына концерт берип, Европаны кыдыра өз талантын таанытууга жетишти.

Андан соң 13-июлда Беларуста эстрадалык ыр аткаруучулардын XXXIV эл аралык "Витебск-2025" сынагына катышкан кыргызстандык Рыскелди Старбеков 3-орунду ээледи. Сынак "Витебсктеги Славян базары" искусство фестивалынын алкагында өттү. Рыскелди орусча "Реченька" деген ырды аткарган. Ал 70 упайдан 65 упай алган. "Бул менин өлкөмдүн жеңиши",- деп билдирген Старбеков.

Чолпон-Ата шаарында өткөн "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалында биринчи орунду Урмат Сатыбалдиев ээледи, ал эми баш байге румыниялык ырчыга берилди. 20-июлда башталган сынак 22-июлда жыйынтыкталды.

Август айында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын кызы Аэлита Таалайбекова Тыванын борбору Кызыл шаарында өткөн эл аралык "Алдын согун - Алтын жебе" сынагында биринчи орунду ээледи. Ага бир топ өлкөдөн келген 20дан ашуун ырчы катышкан.

Сентябрда Орусиянын Москва шаарында "Интервидение-2025" эл аралык музыкалык сынагында “Номад” триосу Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи. Алар музыкалык таймашка “Жалгыз сага” ыры менен катышты. Биринчи орунду вьетнамдыктар алып кетишти. Кийинки "Интервидение-2026" сынагын өткөрүү укугу Сауд Арабиясына берилди. Башкы сыйлыкка Кристалл кубогу жана 30 миллион рубль ыйгарылды.

Ошондой эле Казакстанда өткөн эл аралык Silk Way Star сынагына Кыргызстандын атынан ырчы TAMGA катышып, Орусиянын "Ну-ка, все вместе!" шоусуна Айбек Бакытбеков, Эльзат Төлөгөнова катышып, өлкөнү таанытышты.

Улуттук рухту дүйнөгө тааныткан тасмалар

Кыргыз киносу бул жылы дагы да өнүгүүгө кадам таштап, кинотеатрларда коюлган дүйнөлүк тасмаларды артында калтырды. Мындан тышкары, эл аралык фестивалдарда өз ордун тапты. Кино тармагындагы ийгиликтер - бул чыгармачыл жеңиш гана эмес, маданий майдандагы намыстуу күрөш. Экранда көрүнгөн ар бир образ, ар бир кадр эгемен Кыргызстандын руханий байлыгын чагылдырды.

3-7-июлда Кытайда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн кинематография жетекчиликтеринин кинофоруму өтүп, "Кыргызфильм" кинофестивалга 4 тасма менен катышты. Алардын арасынан "Качкын" тасмасы негизги сынакка катышып "эң мыкты сценарий" сыйлыгына ээ болсо, "Шамбала", "Эсимде" жана "Error 404" тасмалары "Кыргызстанга фокус" көрсөтүүлөрүнүн алкагында кытайлык көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды.

Канаданын Монреаль шаарында өткөн эл аралык фестивалда Кыргызстандын "От" киносу "Special Jury Mention" наамын алды. Тасманын режиссёру Радик Эшимов. Тасма башка тилдерге которулуп, коңшулаш өлкөлөрдө да өз күйөрмандарын тапты.

Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) ЮНЕСКОнун "Маданий көп түрдүүлүк" сыйлыгынын лауреаты болуп, Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты эл аралык көркөм тасма" наамына көрсөтүлөт. Мындан тышкары, бул тасма 2025-жылдын июнь айында Шанхайдагы эл аралык фестивалда "Эң мыкты тасма" сыйлыгына ээ болду.

Кыймыл менен сүйлөгөн муун

Бий өнөрү да маданий майдандын күчтүү куралы экенин далилдеди. Кыргызстандык бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова Улуу Британияда өткөн бий боюнча эл аралык турнирде күмүш медалга ээ болушса, кийин Франциядан да байгелүү кайтышты.

Орусияда өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык бийчилер Руслан Валиев жана Виктория Светличная алтын медаль алган.
Ал эми Дмитрий Блинков жана Асел Мамбетова 21 жашка чейинкилер арасында латын-америкалык программа боюнча Малайзияда Азия чемпиондору аталды.

Сулуулук дүйнөнү сактайт

Таиланддын Бангкок шаарында өткөн "Аалам сулуусу-2025" сынагына 19 жаштагы Мэри Кувакова катышып, орун албаса да Кыргызстанды өзүнүн өзгөчө кийими менен дүйнөгө таанытты.

Ал эми жогоруда аталган өлкөдө өткөн "Miss Grand International-2025" эл аралык сулуулар сынагына 17 жаштагы Медина Эрмекова катышып, экинчи орунду алды.

Кыргызстандын модельдер командасы 17-октябрдан 1-ноябрга чейин Түштүк Кореянын Канвондо провинциясында өткөн "Asia Model Festival" алкагындагы "Face of Asia-2025" эл аралык профессионалдык сынагында Гран-при сыйлыгына ээ болду. Өлкөнүн намысын 18 жаштагы Аделина Заря, Тургунбек Анарбеков жана 22 жаштагы Айтолгон Алмаз кызы коргошту. Үчөө тең ар түрдүү демөөрчүлүк номинациялардын жеңүүчүлөрү болушту. Айрыкча Аделина Заря 25 өлкөдөн келген 100дөн ашуун катышуучунун арасынан озуп чыгып, башкы байгени жеңди.

Бул жылы өлкө намысын коргогондор тизмеде аталгандар менен эле чектелген жок - дагы да көп. Кайсы тармакта болбосун мекендештерибиз эгемен Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, улуттун намысын татыктуу алып чыгышты. Бул жетишкендиктер - бүгүнкү сыймык, эртеңки келечекке бекем негиз. Алдыда мындан да жогорку ийгиликтер бар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: