Москвада кайрадан жардыруу болуп, эки милиция кызматкери каза тапты
Бүгүн, 24-декабрда Москва шаарынын Орехова-Борисова райондорунда жардыруу болду. Натыйжада эки милиция кызматкери каза болуп, дагы эки кызматкер оор жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар билдиришүүдө.
Маалыматтарга караганда, окуя түнкү саат 1:30да (Бишкек убактысы боюнча 4:30да) Елецкая көчөсүндө катталган. Baza Telegram-каналынын билдирүүсүнө ылайык, белгисиз адам кайгуул милициясынын унаасына жардыруучу зат ыргытып жиберген.
Азыркы учурда окуя болгон жер каралып, видеокөзөмөл камераларынын жазуулары текшерүүлүдө. Ошондой эле медициналык-техникалык экспертизалдарды камтыган бир катар соттук экспертизалар дайындалды.
Эскерте кетсек, эки күн мурун ушул эле райондо унаа жардыруудан Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Фанил Саваров каза болгон.
Москвада кайрадан жардыруу болуп, эки милиция кызматкери каза болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















