super.kg logo

Ош ШИИБи: "Ош аэропортундагы тоноочулук иши боюнча күбө катары өтүп жаткан Султан Мурзабеков уурдалган эмес"

 

Кечээ, 20-январда адвокат Динара Турдуматова 2013-жылдын ноябрь айында ишкердин 4,5 миллион долларын тоноо боюнча иликтөө иштеринен өтүп жаткан күбө Султан Мурзабековду ИИБге бара жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр сабап, Хонда үлгүсүндөгү унаага салып кетишкендиги тууралуу айтып чыкты. Ал унаа милиция кызматкерлерине тиешелүү экендигин кошумчалаган. Мындан сырткары ал 14-январда күбөнү Жалал-Абад шаарынан алып келип, милиция кызматкерлери кыйноо аркылуу көрсөтмө алышканын билдирген.  Бул маалыматты тактоо үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков тоноочулук боюнча өтүп жаткан күбөнүн уурдалбаганын билдирди.

"Оперативдүү иш-аракеттердин натыйжасында ал адамдын уурдалбаганы аныкталды. Аны атасынын бир тууган иниси Оштогу өз үйүнө алып кеткени белгилүү болду. Эч кандай адам уурдоо фактысы же кылмыштын элементтери бул жерде жок. Азыр күбө катары өтүп жаткан Мурзабеков өз үйүндө",- деди Сыдыков.

Ошондой эле ИИБинин башчысы Б.Абдыкалыков да бул боюнча өз оюн билдирип өттү. "2013-жылдын ноябрь айында ишкердин 4,5 миллион долларын уурдоо кылмыш иши боюнча көпчүлүк адамдар туура эмес маалымат таратууда. Күбөнүн адвокаты Динара Турдуматова өз кызыкчылыгын көздөөдө",- деп билдирди.

Эске салсак, 2013-жылы 10-ноябрь түнү 4 куралчан адам 38 жаштагы жергиликтүү тургунга кол салып, анын 4,5 миллион долларын тоноп кетишкен. Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип бир адам кармалган. Аны тинтүү учурунда жанынан 1 миллион доллар табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
21.01.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Any bizdin milisi9lar tababy jokbu ujeee je naryraak baryp boluwup alatda
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: