super.kg logo

АКШ Израилди чагымчылдык кылбоого жана Газадагы тынчтык планын сактоого чакырат

 

АКШ Израилди араб мамлекеттеринин терс реакциясын туудурган аракеттерден качууга жана Вашингтондун Газа тилкеси боюнча тынчтык планына берилгендигин сактоого чакырат. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы атын атабаган америкалык расмий өкүлгө таянып жазып чыкты.

"Израил канчалык чагымчылдык кылса, араб өлкөлөрү аны менен кызматташууга ошончолук азыраак даяр",- деген ал.

Аткаминердин айтымында, Вашингтон бардык тараптар макулдашкан жана эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган АКШнын президенти Дональд Трамптын 20 пункттан турган тынчтык планын толук колдоону улантууда.

"План Газадагы коопсуздукка, башкарууга жана кайра курууга этап-этабы менен мамиле кылууну карайт. Биз бардык тараптар өз милдеттенмелерин аткарышат деп күтөбүз",- деп белгилеген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: