"Кантип окуйт эми?". Оштун мэри парта үчүн завучту тилдеди
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 24-декабрдагы таңкы рейд учурунда шаардагы №6 Макаренко мектебинин абалын жана окуучуларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.
Анда калаа башчысы класстагы бекибей бош турган партаны көрүп, окуу бөлүмүнүн башчысын чакырып, окуучулар "кантип окуйт эми, айтсаңыз?" деп суроо салды. Ал эми завуч бул мүчүлүштүктөр оңдоло турганын айтты.
Мэр келерки жылдын январь айында мектептеги парта жана отургучтар толугу менен алмаштырылып, ал эми жайкы үч айлык каникул учурунда имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирди.
Мындан тышкары, мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды да кыдырып көрдү. Белгилүү болгондой, 2008 жана 2012-жылдары билим уясына тиешелүү бир катар жер тилкелери менчиктештирилип кеткен. Учурда ал аймактарда банк, соода жайлары, ашкана сыяктуу коммерциялык объекттер ишмердүүлүк жүргүзүп келишет.
Токторбаев жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объекттердин жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча иштерди улантуу тапшырмасын тиешелүү жетекчилерге берди.
Оштун мэри парта үчүн завучту тилдеди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















