Келерки жылы айрым мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында 2026-жылы айрым мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасы масштабдуу жогорулатыла турганын айтты.
Айтымында, акыркы жолу айлык маянанын масштабдуу көбөйтүү 2022-жылы катталган.
"2026-жылдын 1-апрелинен тарта бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлери: мугалимдер, дарыгерлер, социалдык коргоо, маданият, спорт чөйрөсүндөгү кызматкерлер жана техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы 50 пайыздан кем эмес жогорулатылат.
Ал эми 1-сентябрдан тарта мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерге, муниципалдык кызматчыларга үстөк төлөм 50 пайызга чейин көтөрүлөт. Ошону менен бирге мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын техникалык жана кенже тейлөө кызматчыларына, күч түзүмдөрүнүн эркин жалдануучу жана жарандык кызматчыларына 50 пайызга чейин эмгек акы көбөйтүү каралууда",- деди өкмөт башчы.
Эмгек акыны жогорулатууга келерки жылга кошумча 38,6 миллиард сом каралды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















