Дастан Бекешев: "Кичи райондордогу ички жолдор таптакыр эле каралбай калды"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын кичи райондорундагы ички жолдордун бүгүнкү абалы "мышык ыйлагыдай" экенин айтып, өкмөт башчы Адылбек Касымалиевге кайрылды.
"Кичи райондордогу ички жолдор таптакыр эле каралбай калды. Мэрия "бул жолдор биздики эмес" деп айтат. Бул маселени кантип чечсек болот?",- деди эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаар бийлиги менен биргеликте иштеп, аталган көйгөйдү чечүү зарылдыгын билдирди.
"Келерки жылы мэриянын бюджетинде кошумча 6 миллиард сомдой пайда болот",- деген өкмөт башчы бул маселе чечиле турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















