Депутат дарылануу үчүн чет өлкөгө чыккан жарандарга виза берүүнү жеңилдетүүнү суранды
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев министрлер кабинетинен дарылануу үчүн чет өлкөгө чыккан жарандарга виза берүүнү жеңилдетүүнү суранды. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 24-декабрдагы жыйынында айтты.
Айтымында, учурда операция же дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууда виза алуу иштери татаал. Эл өкүлү буга Түштүк Корея, Германия жана башка мамлекеттерди мисал кылды.
"Виза алуу учурунда болжолдонгон дарылануу же операциянын датасы өтүп кетет экен. Визаны күтүп, бейтаптардын оорусу күчөп кетет. Бул документти алууда жеңилдиктер боюнча мамлекеттер аралык келишим түзүүгө болобу?",- деди депутат.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев виза берүүдө ар бир мамлекеттин өзүнүн талаптары бар экенин, дарылануу максатында чет өлкөгө чыгууну мерчемдеген жарандар ТИМге кайрылса болорун билдирди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















