Оштун мэри көп жылдык тажрыйбасы бар төрт мугалимге белек берүүнү убадалады (видео)
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 24-декабрдагы таңкы рейд учурунда шаардагы Макаренко мектебинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Анда мэр аталган мектепте көп жылдан бери эмгектенген төрт мугалимге Жаңы жылга карата белек тапшырарын билдирди.
"Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Ош мэриясынын атынан сиздерге Жаңы жылдын алдында белек тапшырабыз",- деген мэр.
Мындан тышкары, калаа башчысы жылдын январь айында мектептеги парта жана отургучтар толугу менен алмаштырылып, ал эми жайкы үч айлык каникул учурунда имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирген.
Оштун мэри көп жылдык тажрыйбасы бар төрт мугалимге белек берерин убадалады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:17
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















