super.kg logo
  Саясат  

"Экономиканын көтөрүлгөнүн калк сезиши керек". Жанар Акаев жөлөкпул маселесин көтөрдү

 

Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев жөлөкпул берүү маселеси боюнча февраль айында парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.

Ал жөлөкпулду берүү тартиби, анын көлөмү кайра каралып чыгышы керек деген пикирде.

"Азыр бир кап ундун баасы 1600 сом. Балага болсо биз 1200 сом берип жатабыз. Учурда парламент менен аткаруу бийлиги биргеликте иштешип жатабыз. Мунун жолун тапсак болот. Анткени эл документ чогултуудан, текшерүүдөн тажады. Унааң же малың бар экен деп бербей койгон шылтоолордон чарчады...

Экономиканын көтөрүлүп жатканын калк жон териси менен сезиши керек",- деди Акаев.






"Эномиканын көтөрүлгөнүн калк сезиши керек". Жанар Акаев жөлөк пул маселесин көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: