super.kg logo

Кеминдеги күн электр станциясы ишке киргизилди

 
Бүгүн, 24-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясын ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчы учурда күндөн, шамалдан электр кубатын өндүрүү бийликтин стратегиялык максаттарынын бири болуп калганын белгилеген.
"Мына, анын алгачкы мисалы катары бүгүн Кемин жергесинде күн электр станциясын ишке берүүнүн алдында турабыз. Бул саамалык – биз үчүн абдан сонун жаңылык, тарыхый күн. Эми биз чакан ГЭСтерди куруудан сырткары, жаңы электр булагы катары күн электр станциясынан да электр кубатын ала баштайбыз. Жаркырап тийип турган күндүн жарыгы эми электр кубатына айланып, өндүрүш тармагынын жигердүүлүгүн арттырсын! Башат алган күн электр станциясынын иши байсалдуу болсун...
Күн электр станциясынын ачылышы өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоодо жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүдө маанилүү этаптын башаты болуп саналарын баса белгилейм. Өлкөбүздө салттуу гидроэнергетикадан сырткары, күн жана шамалдан электр кубатын өндүрүү тармагында ири инвестициялык долбоорлордун портфели түзүлүүдө.
“Этернал Энергия” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун инвестициясы 56 миллион долларды түзөт. Күн электр станциясы аркылуу электр энергиясын өндүрүүнүн жылдык көлөмү болжол менен 210 миллион киловатт саатка жетет",- деди Жапаров.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: