super.kg logo
  Саясат  

Атамбаевдин камактагы уулунун чачы күч колдонуу менен кырылганы айтылды

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев тергөө абагында зомбулукка кабылганын анын жактоочусу Нурбек Токтакунов Facebook баракчасында жазып чыкты.

Ал абак кызматкерлери Кадыр Атамбаевдин чачын абактагы ички тартиптин сакталышын талап кылгандыгы үчүн күчкө салып кырып салышканын билдирди.

Токтакунов ошондой эле Атамбаев менен жолугушканда, ал мындай мамилеге саясатчы Темирлан Султанбеков да кабылганын айтып бергенин кошумчалады. Жактоочу белгилегендей, алар чачты стерилизациядан өтпөгөн устара менен кырышкан.

Токтакунов президент Садыр Жапаровдон жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевден аларга карата кемсинтүү аракеттерин кылган кызматкерлерди катуу жазалоону суранды.

Ал ошондой эле ички эрежелер тууралуу атайын нускама тергөө абагында көрүнүктүү жерде илинип турушу керектигин, чачты улам ала берүү негизги талап эместигин, бул моралдык да, денеге карата да кемсинтүү болорун, тазаланбаган устара колдонуунун өзү кылмыш экенин белгиледи.

Эске салсак, 22-ноябрда Ички иштер министрлиги "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалганын кабарлап, анын белгисиз адам менен сүйлөшкөн видеосун тараткан. Маалыматта Султанбековдун үйү тинтүүгө алынып, өзү милицияга жеткирилгени айтылган.

Ошол эле күнү мурдагы преиздент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасында апасы менен бир тууганы кармалганын, суракка киргизилгенин билдирген. Ал күнү кечинде Раиса Атамбаева коё берилген.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи Май райондук соту Султанбеков менен Кадырбек Атамбаев массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен 17-январга чейин камакка алынганын маалымдаган. Алар менен бирге дагы ИИМ тарабынан кармалган 8 адам камакка алынган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: