super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды

 

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды. Жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Жыйында депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө ар кыл тармактардагы көйгөйлүү маселелерди, сунуштарды айтып, суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле отурумда өлкөнүн 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту угулду.

Жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: