ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2025: Узап бара жаткан жылы наристелүү болгон өнөр адамдары (сүрөттөр)
Жылан жылында үй-бүлөсүндө толуктоолор орун алып, алтын уясында наристе үнү жаңырган жылдыздар тууралуу баяндайбыз. Арасында алгачкы ирет ата-эне макамын алгандар, экинчи, үчүнчү жолу балалуу болгон маданият өкүлдөрү да бар.

БИРИНЧИ ЖОЛУ АТА-ЭНЕ МАКАМЫН АЛГАНДАР
Блогерлер Илияс Чыңгызбек уулу менен жубайы Айтурган Замирбек кызы жылдын соңунда уулдуу болушту. Блогер айым көптөн күткөн тун наристесин декабрь айында жарык дүйнөгө алып келди. Жаш түгөйлөр уулуна Калмурат деген ысым ыйгарышканын билдирип, ымыркай менен коломтосуна жылуулук келгенин жашырышкан жок.
Белгилей кетсек, түгөйлөр 6 жылдан бери наристе күтүп жатышкан. Алар айылдагы кызыктуу жашоонун сүртүмүн тартуулаган блогдору менен эл оозуна алынган.

Белгилүү ырчы Толгонай Арзыкеева менен жолдошу уулдуу болушту. Жаш түгөйлөрдүн алгачкы наристеси 3-октябрда жарык дүйнөгө келди. Алар эки жыл мурда, тактап айтканда, 2023-жылы баш кошушкан.

Кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчы айым Аяна Касымова жолдошу менен бул жылы тун наристелүү болушту. Ырчы Швециядагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарды.
"48 сааттык оору, 12 сааттык күрөш. Жана бир секундда - жүрөгүм кайрадан төрөлгөн учур. Азыр жанымда менин кичинекей уулум уктап жатат жана мен ар бир коркунучтуу мүнөт - бакытка карай ташталган кадам болгонун түшүнүп турам. Үй-бүлөмө жана дарыгерлерге жарык үчүн, күч үчүн, колдоо үчүн чексиз ыраазычылык",- деп билдирүү калтырган ырчы айым.

Жылан жылында үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырган жылдыздардын катарында белгилүү алып баруучу Айзада Жамгырчиева дагы бар. Жамгырчиева менен жолдошу ушул жылдын июль айында уулдуу болушту.

Актриса Айпери Чотонова менен жолдошу ушул жылдын июль айында алгач ирет наристелүү болушту. Жаш түгөйлөр 2024-жылдын сентябрь айында баш кошушкан. "Атаң экөөбүз сени көпкө күттүк, балам",- деп билдирүү калтырган актриса айым.

Коломтосунда алгач ирет наристе үнү жаңырган үй-бөлөлөрдүн катарында кыргыз эстрадасындагы кош жылдыздар Элзар Тиленбаев менен Айгерим Эшим дагы бар. Алар ушул жылы март айында кыздуу болушту. Мындай кубанычтуу жаңылык менен ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн.

Жылан жылында "4girls" тобунун мурдагы бийчиси, блогер Элиза Жээнмырзаева (Элька) жана жолдошу, дзюдочу Адил Мырзаев наристелүү болушту. Түгөйлөрдүн тун наристеси ушул жылдын июнь айында жарыкка келди.

Кыргызстандагы жаш, таланттуу актёрлордун бири Азамат Уланов менен жубайы бул жылы ата-эне статусуна ээ болушту. Мындай кабарды актёр мырза "Кудайдын каалоосу менен 17-июнда ата болдум",- деп сүйүнчүлөгөн.

"Акыркы сабак", "Агай" сериалдарында жана бир нече тасмаларда башкы каармандын образын жараткан актёр Бактияр Шаршенбаев уулдуу болду. Бул тууралуу актёр мырза социалдык тармактагы баракчасына жазып сүйүнчүлөгөн. Жаш жубайлар ушул жылдын август айында тун наристелүү болушкан.

Алып баруучу, блогер Канат Шабданбеков дагы бул жылы биринчи ирет ата болду. Блогер мырза мындай кубанычтуу жаңылыгын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

ЭКИНЧИ, ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ АТА-ЭНЕ БОЛГОНДОР
Белгилүү актёр, сценарист Бектур Усенов менен жубайы блогер, актриса Айзат Аскарбекова экинчи ирет ата-эне болушту. Алар кубанычтуу кабарын социалдык тармактагы баракчалары аркылуу сүйүнчүлөгөн.
"Биз уулдуу болдук. Колдоо көрсөтүү, жакшы каалоо-тилектериңер үчүн баарыңарга чоң рахмат. Силерге дагы жуксун. Бизде баары жакшы. Айзат көп күч жоготту, азыр калыбына келип жатат",- деп билдирүү калтырган Бектур мырза.

Белгилүү ырчы, обончу Эрлан Андашев менен жубайы үчүнчү ирет кыздуу болушту. Ырчы мырза кубанычтуу жаңылыгын социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн эле.

Ырчы Ильгиз Абдалиев менен жубайы Назима Муратбекова үчүнчү ирет кыздуу болушту. Түгөйлөр кызына Рианна деген ысым коюшкан.

Бул жылы ырчы Курал Чокоев үчүнчү ирет кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Көп балалуу ата болдум, буюрса. Кудайга шүгүр",- деп жазган Чокоев.

Актриса Айгерим Саматова менен ырчы Мадияр Русланов кыздуу болушту. Экинчи наристесин актриса айым 15-июнда жарык дүйнөгө алып келди.
"Кош келдиң, кызым! Бардык аялзатына башымды ийип, тизе бүгүп таазим этем. Бала ошол үчүн таттуу болот турбайбы. Кудайым, ушул күнгө аман-эсен жеткиргениңе шүгүр",- деп билдирүү калтырган ал.

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров үчүнчү ирет ата статусуна ээ болуп, уулдуу болду. Ырчы мырзанын үчүнчү наристеси ушул жылы 28-февралда жарык дүйнөгө келген.
"Бул, буюрса, менин үчүнчү наристем. Буга чейин бир уул, бир кызым бар эле, үчүнчүсүндө дагы уулдуу болдум. Балам бүгүн, 28-февраль күнү эртең менен төрөлдү",- деп билдирген ырчы мырза SUPER.KG порталына.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев менен жубайы уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мурдагы жубайы Элнура экөө уулдуу болгонун билдирди. Алардын уулу ушул жылдын декабрь айында жарыкка келип, ага Абдырахман деген ысым ыйгарышкан.

кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















