Чет өлкөлүк номурлуу унааларды мыйзамдаштыруудан канча каражат түштү?
Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштыруудан бюджетке канча акча түшкөнүнө кызыкты.
Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов 1 миллиард 800 миллион сомдон көп акча түшкөнүн билдирди. Маматалиев мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандарга кайрадан мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү сунуштады.
Асылкулов бул боюнча кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандардын саны тактала электигин, такталганда сунуш караларын айтты. Эл өкүлү тактоо ишине көмөк көрсөтөрүн убадалап, аларга жардам кылуу керектигин кайталады.
Чет мамлекеттик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруудан канча каражат түшкөнү айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















