ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2025: Узап бара жаткан жылда сыйлык алган маданият өкүлдөрү
Жаңы жылга саналуу эле күндөр калды. Эски жылды узатып жатып, көпчүлүк бул жылда жасаган иштерин, ийгиликтерин тизмектеп, жыл жыйынтыгын чыгарып жатса керек. SUPER.KG порталы да рубрикалар боюнча салтка айланган жыл жыйынтыгын чыгарууда. Бул жолу өнөр адамдарынын кубанычтуу жаңылыктарын тизмектейбиз.
Анда кеп башынан болсун...
17-декабрда кинорежиссёр, актёр Азамат Арыков Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланганын билдирип, кубанычын күйөрмандары менен бөлүштү. Айта кетсек, Арыков актёр, режиссёр катары бир нече тасмаларды тарткан. Акыркы тарткан киносу 2024-жылы жарык көргөн "Ниет" тасмасы.
Мындан тышкары, "Аят", "Билерик", "Жашоо керемет", "Ысык-Көл беш бармагы" жана башка кинолордо роль жаратып, тартып келген.

Бул жылы ырчы Гүлназ Чыныбек кызына да Маданияттын мыкты кызматкери аталуу буюрду. Алсак, ырчы айым сыйлык алганын 1-ноябрда жарыялап, 8 жылдан бери чыгармачылыктын чордонунда эмгек кылып жатканын кошумчалаган.
Ырчы коомчулукка казак ырчысы Ерке Есмехандын "Кайда" ыры менен таанылган. Ошондой эле анын "Мына", "Жолуккум келет", "Жолуксак кандай жакшы", "Барам сага" жана башка ырлары эл арасында белгилүү.
Быйыл Маданияттын мыкты кызматкерлеринин тизмесин ырчы Кудайберди Айтбосунов толуктады. Ырчы мырзага сыйлыкты 2-декабрда маданият министри Мирбек Мамбеталиев тапшырган болчу.
"Бул - биз алган сыйлыктардын башаты гана болсун",- деген ырчы күйөрмандарына ыраазычылык билдирген.
Кудайберди Айтбосунов "Таптым", "Кыргызстан", "Айдайым", "Лейли", "Кызгалдагым" жана башка ырлары менен таанымал.

Ноябрь айында оператор Талант Акынбеков Евразия киноакадемиясынын эң жогорку сыйлыгы - "Алмаз көпөлөк" сыйлыгы менен сыйланды. Бул сыйлык ага режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" көркөм тасмасындагы эмгеги үчүн ыйгарылган.
Мыкты оператор номинациясында жеңишке жеткен Акынбековго сыйлыктын статуэткасын режиссёр Клим Шипенко тапшырды. Сахнада Талант мырза бул сыйлыгын атасына - атактуу совет жана кыргыз сүрөтчүсү Мэлс Акынбековго арнады. 
Быйыл сыйлык алгандардын катарында ырчы Асел Кадырбекова да бар. Ал Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланганын 13-майда кабарлаган.
Белгилей кетсек, ырчы 16 жашынан тарта шоу-бизнеске аралашып, 2010-жылы "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чоң сахнага чыккан. Мындан тышкары, Асел айым "Сүйүүнүн керемети", "Мандарин" тасмаларында роль жаратып, актриса катары да таанымал.
Ырчынын репертуарында "Жан кызым", "Жаныңда болсом дейм", "Апакем", "Самап келем", "Ишенбейм" аталышындагы ырлары бар.
Үстүбүздөгү жылда сыйлык алгандардын катарында акын Алтынбек Исмаилов да бар. Ал эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисине ээ болгон. Сыйлыкты Исмаиловго аталган уюмдун баш катчысы Султан Раев тапшырган.
"Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисине ээ болуп, түрк дүйнөсүнүн Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алындым",- деген акын.
Эске салсак, акын Алтынбек Исмаилов көркөм котормого да аралашып, суфистик-мистикалык поэзиянын ири өкүлдөрү, белгилүү түрк акындары Мевлана Жалалиддин Руми жана Юнус Эмренин ырларын кыргыз тилине которгон. "Таш күзгү", "Агыш түн" аттуу ыр жыйнактары чыккан. Ырлары 12 тилге которулган.

кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















