super.kg logo
  Саясат  

Жээнбек Кулубаев IV Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту

 

Бүгүн, 24-декабрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев IV Элдик курултайга катышуу үчүн чет өлкөлөрдөн келген диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, иш-чарага Орусия, Казакстан, Түркия, Германия, АКШ, Канада, Италия, Чехия, Улуу Британия, Литва, Словакия, Польша, Корея жана Египеттен шайланган 30 делегат катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан учурдагы саясий багыт, ошондой эле президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлөрдө жашап жаткан кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Министр жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Делегаттар өздөрү өкүлчүлүк кылган диаспоралардын атынан чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар туш болгон актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: