"Мыйзам жазылды, аны аткаргыла!" Парламентте электрондук тамеки боюнча талаш пикир айтылды
Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев электрондук тамекиге тыюу салынганы менен аткезчилик жол арылуу өлкөгө кирип жатканын жана Telegram мессенжери аркылуу сатылып жатканын айтты.
Эл өкүлү өкмөткө кайрылып, тыюуну алуу керектигин, анткени бюджетке алардан алынган салык каражаттары түшпөй калганын билдирди. Бекешевдин пикирин Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов колдой турганын айтып, электрондук тамекиге киргизилген тыюу аткезчиликке жол ачканын, андыктан тийиштүү мыйзам долбоорун даярдап келүүгө макул экенин белгиледи.
Экономика министри Бакыт Сыдыков маселени изилдеп, тийиштүү сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизүүнү убадалады. Ал тапта депутат Эрулан Кокулов өкмөт мүчөлөрүнүн пикирлерине каршылыгын билдирип, электрондук чылымга чектөө киргизген мыйзам чыккандан кийин аны так аткарууга чакырды.
"Бизге андай салыктан түшкөн акчалардын кереги жок. Мага өлкөнүн келечеги, жаш балдардын ден соолугу керек. Ал тамекидей болуп жыттанбайт экен, андыктан жаш балдар үйүндө эле чегип калышкан. Өкмөт депутаттар мыйзамды жазды, аны силер аткаргыла!",- деди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзамды 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алган.
Парламентте электрондук тамеки боюнча талаш пикир айтылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















