super.kg logo
  Саясат  

"87 депутатты 8 секундда эле санап коёбуз". Спикер эскертүүсүн кайталады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйындарына себепсиз катышпаган депутаттардын айлык акысы кыскартылып, аты-жөнү коомчулукка ачыкталарын айтты.

Ал бул тууралуу бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешевдин биометрикалык каттоону киргизүүнү тездетүү керек дегенине жооп берип жатып билдирди.

Тургунбек уулунун айтымында, Түштүк Кореянын эл аралык кызматташтык уюмунун сурануусунан улам биометрикалык каттоону киргизүү мөөнөтү жылдырылган. Уюм техникалык себептен улам каттоонун мындай түрүн орнотууга жетишпей калган.

"Бирок биз катышты толук көзөмөлдөп жатабыз. Айрымдар мени билбей калды деп ойлошу мүмкүн, бирок 87 депутатты 8 секундда эле санап коёбуз. Ким себепсиз катышпаса, аны биз маалымат каражаттарына беребиз жана эмгек акысын кыркабыз",- деди ал.

Буга чейин да төрага отурумдарга катышпаган депутаттардын маянасы кыркылып, тизмеси коомго ачык чыгарыларын айткан.






Спикер жыйынга катышпаган депутаттардын аты ачыкталарын кайталады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: