super.kg logo

Бишкек мэриясы корпоративдик кечеге пландалган каражатты майыптыгы бар балдарга жумшады

 

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин демилгеси менен мурда корпоративдик иш-чара өткөрүүгө пландалган профсоюз комитетинин каражаттары майыптыгы бар балдарга социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталды.

Мэриянын маалыматына ылайык, шаар мэри Айбек Жунушалиев №30 атайын мектепке барды. Шаар башчысы мектептин тарбиялануучуларына балдардын физикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана ден соолугун чыңдоого арналган спорттук машыгуу жабдууларын тапшырды.

Мэр окуучуларды жана педагогикалык жамаатты келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, балдарды Бишкек шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысына чакырды.

Мындан тышкары, мектептин медициналык кабинетин жакшыртуу үчүн Бишкек мэриясынын резервдик фондунан каражат бөлүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, майыптыгы бар балдар үчүн №30 атайын мектеп 1938-жылдан бери иштеп келет. Учурда бул билим берүү мекемесинде 288 окуучу билим алууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: