super.kg logo

"Туулган күнүм сахнада өттү". Орусиянын белгилүү ырчысы Дима Билан 44 жашка толду

 

Бүгүн, 24-декабрь Орусиянын Эл артисти, белгилүү ырчысы Дима Биландын туулган күнү. Туулган күнүндө ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, бул күндү сахнада өткөргөнүн белгилеп өткөн.

"Бүгүн, 23-декабрдан 24-декабрга караган түнү 44 жашымды сахнада, досторумдун, үй-бүлөмдүн курчоосунда белгиледим! Декабрь айындагы жумуштардан убакыт таап, ушул күндү мени менен бирге белгилеген бардык адамга ыраазычылык. Ар бириңиздин мага бөлгөн убактыңызды өтө баалайм", - деп билдирүү калтырган ырчы.

Дима Билан 1981-жылы 24-декабрда Орусиянын Карачай-Черкес республикасында туулган. Ырчы мырзанын чыныгы аты-жөнү Виктор Николаевич Белан. Сахна жылдызы бала кезинен эле музыкага шыктуу болгон. Мектепке окуй элек кезинде коңшу балдарга ырдап, бийлеп концерт коюп, өзүнүн чыгармачылыкка жакын экенин көрсөтө алган. Дима 6 жашка чыкканда ата-энеси Орусиядагы Кабардин-Балкар республикасына көчүп барышат. Мектеп босогосун ошол жактан аттаган. Мектепте ар кайсы сынактарга катышып, билген ырларын ырдап жүрөт. Ошондой күндөрдүн биринде музыкалык мектептин мугалими андагы талантты байкап, музыкалык мектепке которулууну сунуш кылган. Ошентип жаш ырчы 11 жашында ата-энесинин макулдугу менен музыкалык мектепке которулат.

Дима Билан 18 жашында биринчи жолу Москва шаарына келип, балдар чыгармачылыгына арналган "Чанга-Чунга" фестивалына катышат. Ал фестивалда Диманын талантын байкаган Иосиф Кобзон өз колу менен диплом тапшырат. Ал орто мектепти аяктаары менен Москвадагы Гнесин атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, андан вокал боюнча билим алат.

Дима Билан кеңири таанымалдуулукка 2000-жылдардын башында жеткен. Анын “Ночной хулиган”, “Ты должна рядом быть”, “На берегу неба” сыяктуу ырлары хитке айланган. Ал эми эл аралык деңгээлдеги атактуулукка "Евровидение" сынагы аркылуу жеткен. Аталган сынакта 2006-жылы "Never Let You Go" ыры менен 2-орунду, 2008-жылы "Believe" ыры менен 1-орунду багындырып, Орусияга биринчи жолу жеңиш алып келген.

Дима Билан жеке жашоосун коомчулуктан көп учурда жашырып келет. Интернет айдыңында анын үй-бүлөсү тууралуу маалымат жокко эсе. Ырчы ошондой эле кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, балдарга жардам берүү долбоорлорун колдоп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: