super.kg logo
  Саясат  

Туманбаев "үйлөр жыш курулуп жатат" дегендерге жооп берди (видео)

 
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына видео жүктөп, билдирүү калтырды. Ал Кыргызстандагы курулуштар өз эрежеси менен салынып жатканын белгилеп, "жыш курулуп жатат" дегендерге жооп берди. Ал Япониядагы курулуштар менен салыштырды.
"Туугандар, айрымдар мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан курулуп жаткан үйлөрдү, “кокуй, жыш жайгашыптыр, кумурсканын уюгундай болуп калыптыр” деп сынга алып жатышат. Бул сиздерге Япониядагы жыш жайгашкан үйлөрдүн видеосун жүктөп койдум, салыштырып көрүңүздөр. Бизде биринчиден стандарттар, нормалар сакталууда. Ар бир курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн парковкалары бар. Келечекте элибиздин саны дагы өсөт, жер болсо чоңойбойт, кеңейбейт. Андыктан жер тилкесин азыртадан үнөмдүү пайдаланышыбыз керек. Жерди сарамжалсыз пайдаланып, аянтты ашкере ээлеп курсак, ал келечекте жер тартыштыгын гана жаратат. Андыктан сын-пикирлер дагы жөндүү айтылса дейт элем", - деди ал.
Айта кетсек, интернет желесинде айрым колдонуучулар Бишкектеги курулуштар бири-бирине жакын курулуп жатканын айтып, текшерүүдөн өтүп жатканына кызыгышууда.





Туманбаев "үйлөр жыш курулуп жатат" дегендерге жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: