Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жаңы жетекчи келди
Гульзат Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Эми Гульзат Исаматованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Эске салсак, буга чейинки министр Бактияр Орозов 15-декабрда кызматтан алынган. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматынан бошотулганы айтылат.
Ошол эле күнү социалдык тармактарда Бактияр Орозовго окшогон адам тартылган видео тараган. Анда анын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп жатканын көрүүгө болот. Көп өтпөй эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Орозов мас абалында унаа башкарып бара жатканда кармалганын тастыктаган. Ал бир жылга айдоочулук укуктан ажыратылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















