super.kg logo

Бишкекте аялдын октон ажал табышы: Окуя боюнча Камчыбек Ташиев пикирин билдирди

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн аялдын каргашалуу өлүмү боюнча коомчулукка кайрылуу жасады.

Ал бул окуяны терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеп, мындай кылмышка эч кандай шылтоо болушу мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Анын айтымында, бүтүндөй өлкө үч баланын энеси болгон аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу суук кабарды оор кабыл алды.

"Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары айтам: мындай кылмышка эч кандай шылтоо жок жана болушу да мүмкүн эмес. Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, “үй-бүлөлүк чыр-чатак”, “эмоция”, “ичимдик” же “жеке жагдайлар” тууралуу айтылган бир да сөз орунсуз",- деди Камчыбек Ташиев.

Ал аялга, айрыкча энеге карата зомбулукту актоого болбой турганын белгилеп, бул жөн гана тиричиликтеги уруш эмес, оор кылмыш — киши өлтүрүү экенин баса айтты.

УКМК төрагасы мамлекет аялдар менен балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү экенин жана мындай кылмыштарды жасаган адамдар катаал жана кутулгус жазага тартыларын билдирди.

"Аялга кол көтөргөн, андан да ашып курал кезеген ар бир адам мыйзам алдында жооп берет. Мындай учурларда эч кандай жеңилдик болбойт",- деди ал.

Анын маалыматына ылайык, учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жазага тартылары белгиленди.

Камчыбек Ташиев каза болгон аялдын балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: