Элдик курултайга 690 делегат катышууда
Бишкекте 25-декабрда өтүп жаткан төртүнчү Элдик курултайдын жыйынына өлкөнүн ар бурчунан келген 690 делегат катышып жатат. Бул тууралуу Элдик курултай катчылыгынын төрагасы Мыктыбек Абдылдаев иш-чарада айтты.
Айтымында, алардын ичинен 146сы аял делегаттар.
Курултайга президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.
Белгилей кетсек, өлкөдө биринчи курултай 2022-жылы 25-ноябрда Бишкекте өткөн. Экинчи курултай 2023-жылдын 15-декабрында өтсө, ал эми үчүнчүсү 2024-жылы 20-декабрда өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















