super.kg logo

"МБЭ Групп" компаниясынын башкы директору кармалып, негиздөөчүсүнө издөө жарыяланды

 

Коммерциялык жайды рейдерлик жол менен басып алууга шектелип "МБЭ Групп" компаниясынын башкы директору кармалса, негиздөөчүсүнө издөө жарыяланды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, шектүүлөр "Альянс Курулуш Плюс" компаниясына таандык болгон Бишкектин 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна тоскоолдук жасашкан.

Издөөгө алынган жаран 2016-жылы "Альянс Курулуш Плюс" компаниясынын казакстандык өкүлү менен социалдык, маданий жана тиричилик объекттери бар турак жай имаратын куруу боюнча келишим түзгөн. Бирок 2018-жылы өз ара пикир келишпестиктерден улам шектүү маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу курулуш компаниясынын жетекчилигинин коркутууга алып, аталган объекттеги коммерциялык жайды тартып алган жана өзүнүн жакын тууганына каттаткан.

Андан тышкары, шектүү үлүшчүлөр тарабынан курулуш иштери аяктагандан кийин, айрым турак үйлөрдү өзүнүн адамдарынын пайдасына өткөрүп берүү талаптарын коюп, башка үлүшчүлөрдүн мыйзамдуу укуктарын тебелеп, үйдүн курулушун аяктоо иштерине тоскоолдук жараткан.

УКМК кармалган аял киши убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгилеп, тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.






"МБЭ Групп" компаниясынын башкы директору кармалып, негиздөөчүсүнө издөө жарыяланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: