Кыргызстан 2025-жылы 13 мамлекет менен дипломатиялык мамиле орнотту
Үстүбүздөгү жылдын алкагында Кыргызстан дипломатиялык байланыштардын географиясын олуттуу түрдө кеңейтип, 13 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди орнотту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, жаңы дипломатиялык алакалар төмөнкү мамлекеттер менен түзүлдү: Гвинея-Бисау Республикасы, Ботсвана Республикасы, Буркина-Фасо, Белиз, Сомали Федеративдик Республикасы, Гондурас Республикасы, Эсватини Падышалыгы (Свазиленд), Габон Республикасы, Папуа Жаңы Гвинея, Багам Аралдары Шериктештиги, Түштүк Судан Республикасы, Танзания Бириккен Республикасы, Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасы.
Натыйжада Кыргызстан дипломатиялык мамиле орноткон мамлекеттердин жалпы саны БУУнун 185 мүчө мамлекетине жетти.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, дипломатиялык мамилелердин орнотулушу Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого, саясий диалогду кеңейтүүгө жана Африка өлкөлөрү жана башка аймактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















