Жаркырак коңуз кантип жарык чыгарат?

Жаратылыштын табышмактуу курт-кумурскаларынын бири – жаркырак коңуз. Булар Европа, Азия, Түндүк Америкада кездешет. Тропикалык өлкөлөрдөн көп түрүн көрүүгө болот. Алардан кандайча жарык чыгат жана аны эмне үчүн колдонушат? Кызыгы ушунда.
Клеткалар реакцияга кирсе...
Жаркырак коңуздун (светляк) чоңдугу 1,2-1,8 сантиметр, кичинекей канаттары бар. Түнкү жашоо образын карманышат.
Алардын курсагынын уч жагында жаркырак чыгаруучу органы – лантернасы бар. Анда ичи люциферин пигменти менен люцифераза белогуна толгон клеткалар жайгашкан. Ал клеткалар коңуздун кекиртеги аркылуу барган кычкылтек менен реакцияга киргенде жаркырак пайда болот. Андай жаркыроону жетилген чоң коңуздар гана эмес, алардын уругу, личинкалары да чыгара алышат.
Жарыкты түгөй издөөдө колдонушат
Токой, шалбаа, дарыя жана көл жээктеринен көп кездештирүүгө болот.
Алар июль-август айларында активдүү болушат. Кичинекей коңуздар жарыгын душмандарынан сактануу, ал эми жетилген коңуздар жарыкты өздөрүнө түгөй издөө үчүн колдонушат. Кызыгы, ургаачылары жарыкты көбүрөөк чыгарган эркектерди тандашат. Жарыгын өчүрүп, күйгүзүү сигналы коңуздардын мээси аркылуу ишке ашат.
Жаркырак коңуздардын дүйнөдө 2200дөй түрү бар. Алар түрүнө карап саргыч, саргыч-жашылга чейин жарык чыгарышат.
Личинкалары үлүл, сөөлжан, майда курт-кумурскаларды жешет. Коңузга айлангандан кийин өсүмдүктөрдүн нектар, чаңчаларын, майда курт-кумурскаларды жей башташат. Жырткыч жаркырак коңуздар да болот. Алар кенелерди жана башка жаркырак коңуздарды жеп азыктанышат.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















