super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров бизнеске көптөгөн жеңилдиктер бериле турганын айтты

 

Өлкөдө келерки жылдан тарта ишкерликке көптөгөн жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-декабрда өтүп жаткан төртүнчү Элдик курултайда айтты.

Айтымында, мамлекет ишкерлик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү улантып, ишкерлерди колдойт.

"Айрым ишкерлер ашыкча текшерүүлөргө, айрым учурда адилетсиздикке кабылган учурлар бар. Алардан кабарым бар. Жыңы жылдан кийин күч түзүмдөрүн, Салык кызматын, бизнес чөйрөсүн чогултуп, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу планым бар. Бизнеске көптөгөн жеңилдиктерди беребиз",- деди өлкө башчысы.

Ошондой эле мамлекет башчысы курултайда акыркы жылдардагы өлкөнүн өнүгүүсү, ишке ашкан ири долбоорлор, экономикалык өсүштөр, жасалып жаткан ар кыл тармактагы реформалар тууралуу айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-декабрда Бишкекте IV Элдик курултайдын биринчи жыйыны өтүп жатат. Ага 7 дубандан, Бишкек жана Ош шаарларынан жалпы 690 делегат катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: