Чүйдө автоунаа уурдоого шектүү кармалды (видео)
Чүй облусунда "Издөө" рейди учурунда автоунаа айдап качуу фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 25-декабрда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 4-декабрда 1985-жылы туулган К.Т. аттуу жаран 26-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнүн жанында токтотулган кызыл түстөгү Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткени тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражатын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, 26-ноябрда автоунаанын ээси унаасынын жанында спирт ичимдиктерин колдонуп, дүкөнгө кайра арак алууга кеткен. Кайтып келгенде автоунаасынын жок экенин байкаган. Андан кийин ал алкоголдук уулануудан улам ооруканага жеткирилген.
8-декабрда автоунаа Чүй районунан табылып, айып короого коюлган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1988-жылы туулган И.А. аттуу шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот тарабынан 1 айга камакка алуу чарасы тандалды.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Чүйдө автоунаа уурдоого шектүү кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















