Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш башталды
Бишкек шаарындагы "Газпром-балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган XXXVII эл аралык оор атлетика боюнча турнир башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, турнирдин ачылуу аземине аталган агенттиктин директору Казыбек Молдажиев, Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти Умбеталы Кадыралиев, Олимп оюндарынын чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана башкалар катышты.
Иш-чарада Казыбек Молдажиев сөз сүйлөп, Каныбек Осмоналиевдин кыргыз спорту үчүн орду өзгөчө экенин белгилеп, анын 1980-жылы Москва шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарындагы жеңиши кыргыз эли үчүн тарыхый жетишкендик болгонун белгиледи.
Мелдешке жалпы Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Тажикстандан келген 141 спортчу катышат.
Турнир төмөнкү салмак категорияларында өтүүдө:
Эркектер арасында: 60 килограмм, 65 килограмм, 71 килограмм, 79 килограмм, 88 килограмм, 94 килограмм, 110 килограмм, +110 килограмм.
Кыз-келиндер арасында: 48 килограмм, 53 килограмм, 58 килограмм, 63 килограмм, 69 килограмм, 77 килограмм, 86 килограмм, +86 килограмм.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















