Президент аялдарга кол көтөргөндөргө катаал чара көрүлөрүн билдирди
Аялдарга, балдарга кол көтөргөндөргө катаал чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.
Анда мамлекет башчы өлкөдө аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жеткенине жана акыркы жылдары зордук-зомбулук көп катталып жатканына токтолду.
"Муну айтуунун өзү дагы оор. Бирок бул көрүнүштөр биз үчүн жат нерсе. Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Мамлекет буга катаал чара көрөт. Бир дагы аялга же балага кол көтөргөн кылмышкер жазадан кутулбайт, бул биздин мамлекеттин принципиалдуу позициясы.
Эч бир салт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт. Ар бир ата уулуна аялзатты урматтоону үйрөтүүгө тийиш, ар бир эне ар-намысын коргоону, кордоолорго каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо гана аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекет кура алабыз",- деди Садыр Жапаров.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















