super.kg logo
  Саясат  

1-апрелден тарта мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 100 пайыз көбөйтүлөт

 

2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

"2026-жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлери менен мугалимдердин маянасы дагы бир ирет 100 пайызга көтөрүлөт. Кечээ министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев маянаны 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз деп жарыя кылды эле. Биз кеңешип, өкмөттүн чама-чаркын кайрадан карап, эмгек акыга кошумча 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизүү менен айлыкты орточо 100 пайызга көтөрүүнү чечтик",- деди президент.

Мамлекет башчынын айтымында, мугалимдердин орточо айлыгы учурда 26 миң сомду түзсө, айлык көбөйгөндөн кийин 52 миң сомду түзөт. Ал эми медицина кызматкерлеринин орточо маянасы 31,5 миң сом болсо, эми 62,5 миң сомго чейин жетет.

Президент ошондой эле кыргызстандыктарды мугалимдерге жана дарыгерлерге сый-урмат менен мамиле кылууга үндөдү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: