"Биз Орусия же Америка эмеспиз". Садыр Жапаров өлкөгө иштегени келген чет элдиктер тууралуу айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда Кыргызстанга иштегени келген чет элдик жарандар жумушу бүткөндө кетишерин айтты.
Мамлекет башчы акыркы учурларда коомдо негизсиз коркуулар пайда болуп жатканы туура эместигин белгилеп өттү.
"Айрымдар Ата Мекенди коргоо дегенди шылтоо кылып мекендештер менен чет элдиктердин ортосунда кастыкты козутуп жатышат. Өзгөчө биздин өлкөгө иштөөгө же ири долбоорлорду ишке ашырууга келгендерге асылышууда. Аларга өлкөнү басып алуу, талап-тоноо деген негизсиз күнөөлөрдү коюп жаткандар бар. Мындай мамиле туура эмес.
Биздин өлкөгө келген инвесторлор, иштеп келгендер убактылуу гана. Алар өмүр бою бул жерде калышпайт, жумуш бүткөндө кетишет. Мына, түндүк-түштүк жолун, Датка-Кеминди кургандар калып калган жок да, иштеп бүткөн соң кетишти. Биз бир учунан экинчи учуна көз жетпеген Орусия же Америка эмеспиз, калып калгандарды бир күндө тазаласак болот. Биз кенедей эле өлкөбүз, мыйзамсыз жүргөн болсо, бат эле тазаласак болот",- деди өлкө башчы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















