Өзүн уюлдук компаниянын кызматкери катары тааныштырган шектүү 6 миллиондон ашуун акча уурдаган
Бишкек шаарында өзүн уюлдук компаниянын кызматкери катары тааныштырган жаран 6 миллион 500 миң сом акчаны ээлеп алды. Бул тууралуу 25-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында 1989-жылы туулган М.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Белгилей кетсек, шектүү жабырлануучуга өзүн банк жана уюлдук компаниялардын кызматкерлери катары тааныштырып, акча каражаттары коркунучта жана насыя алынып жатат деген ар кандай коркутуу жолу менен ишенинчине кирип кылмыштуу аракеттерин ишке ашырган.
Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















