Садыр Жапаров чек ара маселесин чечүүдөгү иши үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда чек ара маселелерин жөнгө салуудагы аракеттери үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.
Делегаттардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы элдин бийликке болгон ишеними кайтканда гана адилеттүү мамлекет куруу мүмкүн экенин белгиледи.
Анын айтымында, чек ара маселеси көп жылдар бою чечилбей, бир нече жолу олуттуу, атүгүл кайгылуу окуяларга себеп болгон.
"Чек ара маселесин жөнгө салуу - жөн гана ийгилик эмес, бул эгемендүүлүктүн жана улуттук коопсуздуктун пайдубалы. Бул жаатта Камчыбек Кыдыршаевичке жана ал жетектеген өкмөттүк комиссияга ыраазычылык билдирем",- деди Жапаров.
Президент ошондой эле бардык талаш маселелердин тынчтык жолу менен чечилиши кошуна өлкөлөр менен жакшы мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Эске салсак, учурда Бишкекте IV Элдик курултай өтүп жатат. Ага 690 делегат катышууда.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















