Өлкө башчысы көп балалууларга убадалаган суммалар берилерин бышыктады
Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашап, көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө мамлекет убадалаган суммаларды берүүгө даяр экенин айтты.
Президент мамлекет мындай чечимге демографиялык өсүштү сактоо үчүн барып жатканын ачыктады.
"Бул өзүнчө чоң чыгым болот. Бирок бул мамлекеттин келечегин талап кылган зарылчылык. Анан Бишкекте же башка шаарларда жашагандар туура эмес түшүнүп алышпасын, биз тоолуу аймактарды айтып жатабыз",- деди Жапаров.
Эске салсак, бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала береке" төлөмүн берүү ишке киргизилип жатат. Жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр 23-декабрда кол койгон.
Ага ылайык, үй-бүлөдө жаңы төрөлгөн 4-балага 100 миң сом, 5-балага 600 миң, 6-балага 800 миң, 7-балага 1 миллион сом, 8-балага 1 миллион 200 миң сом, 9-балага 1,5 миллион, 10 жана андан кийинки балага 2 миллион сомдон берилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















