super.kg logo

Орусия Екатерина Биволго карата кылмыш ишин козгоду 

 

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволго карата Орусияда кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербург шаарынын Ленин райондук соту Екатерина Биволдун кыргыздар менен казактар тууралуу айткан видеосу үчүн чара көрөт. Ага карата соттук отурум 29-январга белгиленген.

"Биволдун айткандарына талдоо жүргүзүүгө ылайык, анын билдирүүлөрүндө улуту, тили жана теги боюнча терс баа берилген. Баа берүү кемсинтүү жана уят сөздөр менен коштолгон. Ал жарыялаган материалда адамдарды бир топтон экинчисин артык көрүү айтылган",- деп билдирген райондук сот.

Биволго 20 миң рублга чейин айып пул салынышы же ал 15 күнгө камакка алынышы мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин интернет тармагында Екатерина Биволдун ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: