super.kg logo

"Көңдөй билим". Төрага окуучулардын жасалма интеллект менен дилбаян жазып жатышканына тынчсызданды 

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда жасалма интеллект билим берүү тармагында чоң коркунуч болуп жатканына токтолду.

Төрага жаңы технологияларды, иновацияларды өнүктүрүп алдын албаса, жасалма интелекттин зыянын тартып калуу мүмкүн экенин белгиледи.

"Биз буга чейин жеп жаткан тамак-ашыбызга, кийип жаткан кийимибизге химиялык элементтердин көп кошулуп жатканына санааркайт элек. Бүгүнкү күндө эң чоң коркунуч жасалма интеллект болууда. Ал биздин жашообузда заматта эле пайда болду. Келечектүү мамлекетти куруу үчүн билим берүү биринчи орунда. Тилекке каршы, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жасалма интеллект чоң таасир берүүдө. Азыр мектеп окуучуларынан тартып студенттерге чейин жөнөкөй эле дилбаян жазууда же маселе чыгарууда жасалма интеллектти колдонуп жатышат. Өзүнүн акылын, билимин колдонбой жасалма интеллект менен аткарса, бул деген көңдөй билим. "Билим алуу ийне менен кудук казгандай" деген сөздү жокко чыгара турган көйгөй жаралууда.

Эң өкүнүчтүүсү Атай Огонбаевдин, Мыскал Өмүрканованын, Токтогулдун ырларын оңой эле аткарып жатышат. Коомдун башы айланып, жасалма же чыныгы экенин билбей калды. Мына ушундай коркунучтар бар. Буга көңүл буруп, алдын алуу керек",- деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: