"Кыргызкөмүр" 2025-жылкы планды 115 пайызга аткарганы айтылды (видео)
"Кыргызкөмүр" ачык акционердик коому 2025-жылдагы көмүр казып алуу планын 115 пайызга аткарды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, жалпы көмүр казып алуу көлөмү 1 миллион 350 миң тоннаны түздү. Ал эми кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 120 пайыздан ашык камсыздалды.
Быйыл 41 даана заманбап тоо-кен жана жардамчы техника сатып алынып, өндүрүштүк кубаттуулук кыйла жогорулатылды. Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2024-жылы 27 даана техника алынган.
Кара-Кече кенинде сорттоо комплекстери ишке киргизилип, учурда керектөөчүлөрдүн талаптарына ылайык көмүрдүн сапатын жогорулатууну камсыз кылууда. Ошондой эле акыркы жылдары көмүр өндүрүүгө жана геологиялык чалгындоого 20дан ашуун лицензия алынган. 2025-жылы Кожо-Келен, Бешбурхан, Сүлүктү талаа – 11, Маркай жана Торугарт-1 кендери ишке киргизилди.
Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы административдик имаратта оңдоо-калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктап, анда борбордук аппарат жайгаштырылды. "Кыргызкөмүр" көмүр экспортунда регулятор катары иш алып барды. Автомобиль транспорту менен жүргүзүлгөн көмүр экспортун көзөмөлдөө камсыздалып, 400 миң тоннадан ашык көмүр экспорттоду.
Бул жылы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканадан ачык акционердик коом формасына өттү.
"Кыргызкөмүр" 2025-жылы көмүр өндүрүү планын 115 пайызга аткарды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















