super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитеттер Гүлзат Исаматованы министр кылып дайындоого макулдук беришти

 

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук беришти.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анын талапкерлигин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттери кезексиз жыйындарында карашты.

Эске салсак, буга чейинки министр Бактияр Орозов 15-декабрда кызматтан алынган. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматынан бошотулганы айтылат.

Ошол эле күнү социалдык тармактарда Бактияр Орозовго окшогон адам тартылган видео тараган. Анда анын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп жатканын көрүүгө болот. Көп өтпөй эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Орозов мас абалында унаа башкарып бара жатканда кармалганын тастыктаган. Ал бир жылга айдоочулук укуктан ажыратылды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: