super.kg logo
  Саясат  

Курманкул Зулушев бакалавриаттын мөөнөтүн кыскартууну сунуштады

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Анда депутат Курманкул Зулушев бакалавриатта окуу мөөнөтүн 4 жылдан 3 жылга чейин кыскартуу маселесин караштырууга чакырды. Ал учурда жогорку окуу жайдын 1-курстагы студенттерине мектептеги сабактар гана өтүлөрүн айтты жана мектептеги билим берүү 12 жылга өтүп жаткандыктан мындай зарылчылык керектигин кошумчалады.

Буга Исаматова учурда 3+2 деген программа бар экенин, бирок анда 3 жылдык бакалавриаттан кийин сөзсүз түрдө 2 жыл магистратураны окууга милдеттенерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: