Чоң-Кеминден келген делегат Долпран кенин казбай, кичи ГЭС куруу сунушун айтты (видео)
Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда Чүй облусунун Чоң-Кемин районунан келген делегат Дастан Токонов Долпран кенин иштетпей, анын ордуна суусу кенен аймакта чакан ГЭСтерди куруу сунушун берди.
"Бир чоң маселе көтөрүлдү. Камчыбек Кыдыршаевич (ред.: УКМК башчысы Камчыбек Ташиев) барганда эл кайрылды эле. Долпран кенинде чалгындоо ишин жүргүзүп жатканда Кытай компаниясынын жетекчиси камалды. Ага "Жайыт жерлерине ашыкча зыян келтирген" деген берене менен кылмыш иши козголду. Бирок акыркы чекит коюлбай жатат. Себеби элге айтылган маалымат боюнча, 5 тонна алтын бар экен. Ал жерди иштетиш үчүн 20 жылга үч тилке сурап жатышат. Эгер кен ачылса 4 миң гектар жайыт жерге, 100гө жакын булак сууларына, ага жакын жайгашкан элге зыян. Садыр Нуркожоевич БУУда сөз сүйлөгөндө мөңгүлөрдү, ак илбирсти коргоо боюнча айткансыз. Ошондо Чоң-Кеминде ак илбирсти коргоо фонду түзүлгөн. Анткени Долпран кенин ак илбирс байырлайт. Ал жакта 5 тонна алтын экен. Анын ордуна Чоң-Кемин суусу бекер агып жатат, чакан ГЭС курбайлыбы?",- деди делегат.
Анын айтымында, учурда ГЭС салууну сунуштап келгендер арбын. Жана да кенден чыккан зыяндуу заттар менен айлананы булгабай, элге пайдалуу жагын кароону сунуштады.
Чоң-Кеминден келген делегат Долпран кенин казбай кичи ГЭС куруу сунушун айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















