super.kg logo
  Саясат  

Курултай делегаты Садыр Жапаровго шайлоо алдындагы убадасын эстетти (видео)

 

IV Элдик курултайда Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнөн делегат болуп келген Абдали Жайнаков президент Садыр Жапаровдон Ынтымак-Башат участкасына жаңы мектеп салып берүүнү суранды.

Ал билдиргендей, Бужум айылы район аймагында калк эң көп жайгашкан аймак. Ал жерде 13 миңден ашуун адам жашайт.

"Айылда эки орто мектеп бар. Алар айылдын чок ортосунда жайгашып, СССР убагында салынган. Азыркы убакта окуучулар 4 чакырым жол басып, мектепке барып, айрыкча кыштын күнү кыйналып жатышат.

Бужум айылынын Ынтымак-Башат участкасына бир мектеп салып беришиңиздерди сурабыз",- деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаровго президенттик шайлоо алдында Ынтымак-Башат участкасына мектеп салып берүүнү убада кылганын эстетти.

"Президенттик шайлоо алдында эл менен жолугушууда Ынтымак-Башат участкасына бир мектеп салып берүүнү убада кылган экенсиз. Эл ошол убаданы эстетип кой деп жөнөтүштү. 2026-жылдын иш планына ушул мектепти киргизип берүүнү суранам. Жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз",- деди делегат.






Курултай делегаты Садыр Жапаровго шайлоо алдындагы убадасын эстетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: