super.kg logo

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууда 5 адам набыт болду

 

24-декабрда Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууда үч оогандык террорчулар жана эки тажик чек арачысы набыт болду. Бул тууралуу DW агенттиги Тажикстан бийлигинин маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, террорчулар 23-декабрда саат 23:30да (жергиликтүү убакыт боюнча) өлкөгө кирип, алар 24-декабрда эртең менен саат 11:15те аныкталган. “Террорчулар тажик чек арачыларынын багынып берүү тууралуу буйругуна баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Алар чек ара постторунун бирине куралдуу кол салуу жасоону көздөшкөн”, - деп билдирген Тажикстандын чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынан.

Атышууда үч ооган террорчулардын жана эки тажик чек арачысы каза болгон. Террорчулар тараптан табылган курал-жарактар арасында үч М-16 мылтыгы, бир Калашников автоматы, үн баскычтары бар үч тапанча, 10 кол гранатасы, түнкү көрүүчү прицел, жардыруучу заттар жана башка ок-дарылар болгон.

Эскерте кетсек, бул акыркы бир ай ичинде өлкөгө жасалган үчүнчү чабуул болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: