"Бензини жок болсо, №18 автобус менен барсын". Сокулуктук делегат министрди айылга чакырды (видео)
Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда Чүй облусунун Сокулук районунан келген делегат Асылгүл Кененбаева борборго жакын аймак болгондуктан ички миграция көбөйгөнүн билдирди. Анын кесепетинен мектепте орун жетишсиздиги күч алганын айтты. Ал Шопоковдогу 500 орунга ылайыкташкан мектепте 3 убакыт менен 2500 бала билим алып жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле Күн-Туу жактагы Новое айылындагы мектеп маселелсин көтөрүп, агартуу министрин көрүп келүүгө чакырды.
"Биз алыскы Баткенге же башка районго чакырган жокпуз. Бензини жок болсо, №18 автобус менен барып көрүп келсин. Капарова атындагы мектеп илгери фин тибинде салынып, 150 орунга ылайыкташкан. Азыр 400дөн ашуун окуучу билим алууда. Доска менен партанын аралыгы 30 сантиметр. Ушундай кантип болсун?!" - деди делегат.
Мындан тышкары делегат кошумча мектеп салууга жери да бар экенин эскертип, социалдык объектилер жашоочулардын санына жараша муктаж жерлерге курулса деген сунушун билдирди.
Сокулуктук делегат министрди айылга чакырды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















