Бишкекте мурунку жолдошунун колунан каза тапкан келиндин акыркы видеосу жарыяланды
Бишкекте мурунку жолдошунун колунан ажал тапкан Жибек Урустемованын кесиптештери анын окуу жайдагы видеосун жарыялады. Ага ылайык, маркум Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ага окутуучусу болгон.
"Жибек Бакытовна адамгерчилиги бийик, боорукер, өз ишине берилген мыкты адис эле. Ал кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болуп, студенттеринин жүрөгүндө жакшы из калтырды. Анын жылуу мүнөзү жана ак ниети эч качан унутулбайт!" - деп жазылат анда.
Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.
Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.
Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.
Маркумдун жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришкен.
Бишкекте мурунку жолдошунун колунан каза тапкан келиндин акыркы видеосу
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















