super.kg logo

"Аманат" фонду – аяр катмарга үмүт тартуулаган кайрымдуулук кыймылы

 

Исмаилова Айна Маматибраимовна — жеке ишкер жана 2025-жылы негизделген «Аманат» фондунун негиздөөчүсү. Фонд түзүлгөндөн бери кыска убакыт ичинде социалдык жардам багытында активдүү иш жүргүзүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн туруктуу тирекке айланды.

"Аманат" фонду өз ишмердигин системалуу кайрымдуулук иштерине багыттап, 1 жыл ичинде Кыргызстандын ар кайсы облустарындагы 7 үй-бүлөгө саан уй жана торпок тартуулаган. Мындан тышкары 10 үй-бүлөгө жаңы турак жай куруп берип, аларга туруктуу жашоо шартын камсыздаган.

Фонддун жардамдары негизинен биринчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой энелерге багытталган. Каржылоо булагы катары Корея Республикасында эмгектенип жүргөн мекендеш мигранттар жана Кыргызстандагы жергиликтүү бизнес өкүлдөрү белгиленет.

«Аманат» фонду коомдогу социалдык теңсиздикти жоюу жана аяр катмардагы жарандарды колдоо максатын көздөп, кайрымдуулук иштерин мындан ары да кеңейтүүнү пландап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: