Ош мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулуп жатат (видео)
Ош шаарынын мэриясы дагы бир маанилүү кадамды жасап жатат. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен мэриянын имаратынын чатырына күн панелдерин орнотуу иштери жүрүп жатканын басма өз кызматы билдирди.Маалым болгондой, долбоордун алкагында 2200 чарчы метр аянтка жалпы кубаттуулугу 100 киловатт болгон 320 күн панели жайгаштырылууда. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, система жылына 500 миңден 800 миң киловатт-саатка чейин электр энергиясын өндүрөт.
Бул долбоор шаардык бюджеттин каражаттарын жыл сайын бир нече миллион сомго чейин үнөмдөөгө шарт түзөт. Эң башкысы күн панелдери Ош шаарынын энергосистемасына болгон жүктү азайтууга багытталган.
Оштун мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулуп жатат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















