super.kg logo
  Спорт  

Айпери Медет кызы, Асан Жанышов баштаган 6 спортчу батирлүү болду

 
Бүгүн, 25-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Жаштык” спорттук аренасында өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна барды.
Атайын кызматтын башчысы иш-чаранын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн куттуктап, аларга спорттук ийгиликтерди каалады. Ошондой эле салтанаттуу аземдин жүрүшүндө буга чейин, дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жараткан 6 спортчуга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, батирлерди белекке берди.
- Айпери Медет кызына (эркин күрөш) — 3 бөлмөлүү батир;
- Асан Жанышовго (грек-рим күрөшү) — 2 бөлмөлүү батир;
- Ихтияр Нишоновго (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
- Омар Ливазага (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
- Смадияр Жумакадыровго (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир;
- Адилет Жапаркуловго (эркин күрөш, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батирдин документтерин тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: